Turmush — Кыргызстанда сот реформасы жүрүп жатканына көп болду. Бардык тараптар реформаны гана талап кылышат, а соттор өздөрү бул тууралуу эмне дейт болду экен? Жогорку соттун мурдагы судьясы Төлөнбай Масыбаев менен ушу жагдайда пикир алыштык.
- Төлөнбай мырза, сиз укук коргоо органдарынын бардыгында иштептирсиз. Салыштырып көргөндүрсүз, кайсынысы жакшыраак экен?
- Прокуратура менен ички иштер кызматындагыларга караганда сотто иштегендер инерттүү болушаарын байкадым. Соттор өздөрүнө келген ишти гана карап, башкасына кийлигишпейт экен.
- Мурда деле, азыр деле соттордун дарегине жаман кеп-сөз айтылып жатпайбы, сиз ушуга макулсузбу?
- Мен макул эмесмин. Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, арасында болсо болгондур, бирок баары эмес. Соттун баары идеалдуу болсо жашоо да башкача болмок. Мен деле укук коргоо органдарында 30 жылдан ашык иштептирмин, анын 20 жылын сот болуп иштедим.
- Сиз жакшы билесиз, бизде соттор мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууга же бул мыйзам мындай экен деп баа берүүгө укуксуз. 20 жылдык тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, соттордун мындай акыбалы өзгөрүш керекпи?
- Чындыгында «бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дейт эмеспи. Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык кодекстерди ишке колдонгон адамдардын пикирин угуп коюшса ашыкча болмок эмес деп ойлойм. Эми биздики белгилүү эле да, Россиянын мыйзамдарынан көчүрүп жазган учурлар бар. Андайда мыйзам чала иштелгендиктен, колдонгондо да чын эле кыйын болуп калат. Убагында биз деле Россиянын мыйзамдарынын комментариясын алып колдончубуз. Бизде азыр окумуштуулар түшүндүрмөлөрдү, комментарийлерди жазып берип жатышат. Азыр жаңы келген судьялардын кетирген каталары бар, бирок көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Учурда сот үчүнчү бийлик, жоопкерчилиги чоң. Мурда прокурор да соттой эле жооп берчү. Азыр тергөөнүн акыбалы начар. Мисалы, прокурор айыптоо корутундусун бекиткенде жоопкерчиликти өзү алчу. Азыр бул процедура сотко өткөндүктөн, акыркы чекитти сот коет деп, аларда жоопкерчилик болбой жатат. Натыйжада тергөө сапатсыз болуп жатат. Тергөөчүлөр тергөө убагында көп адамдар менен сүйлөшүп, кылмышка айыптуу адам тууралуу көп маалыматтан анын айыптуу же айыптуу эместигинин толук картинасын көрө алышат. Ал эми соттор алдына келген ишти гана жакшылап окуп, эч ким менен сүйлөшпөй, колдо болгон документтерге карап гана бардыгын салмактап, калыс чечим кабыл алышы керек. Көрдүңүзбү, соттордун жоопкерчилиги кандай?
Ал эми процесс учурунда айыпкерди сот актап койсо, «бул сот тигинден бир нерсе алып койду» деген жаман атка калат. Сот эки тарапты тең карайт да. Менимче, соттор сыяктуу прокурорлор да өз иштери үчүн жооп берсе жакшы болор эле.
- Сот реформасына ичиңиз чыгабы? Жок эле дегенде элдин 50% сотко ишене турган деңгээлге качан жетебиз деп ойлойсуз?
- Бул эми ылдам боло турган нерсе эмес да. Мисалы, мурда Жогорку соттун пленуму кабыл алган чечимдерди аткаруу милдеттүү эмес болчу. Эми кайра аны аткаруу милдеттүү болуп жатат. Ушундай оош-кыйыштар да ишке таасир этет экен. Жогорку сот деген эң жогорку инстанция, биякка тандалган адамдар да оңой эмес. Алар кабыл алган токтомдорду төмөнкү инстанциядагылар да окуса, алардын түшүнүүсү терең болуп, тажрыйба да болмок.
- Сиз сот болуп иштеп турганда жалаң Кылмыш-жаза кодексиндеги жараяндар менен иштептирсиз. Жазага кириптер болгон айыпкер түрмөдөн чыккандан кийин коркуткан учурлар болду беле?
- Ошто иштедим. Көп кишини жазага тарттым, бирок эч ким коркуткан жок. Айрымдары жазасын өтөп келгенден кийин атайын келип учурашып кеткен учурлар болду. Бирок эч кимиси коркуткан жок. Эми ар бир адам өз күнөөсүн билет да.
- Биздин коомдун сотторго болгон талабы күчтүү. Коом дайыма алардан компетенттүүлүктү, акыйкаттыкты талап кылат. Бирок соттордун өзү, алардын үй-бүлөсү ар кандай опуртал учурлардан кандай корголгон?
- Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү сотту коркутканын кээде угуп калабыз. Мисалы, резонанстуу бир иште өкүм чыгарып, эки тараптын алдында аны окуп коесуң. Эки тарап тең нааразы болуп кетет. Бирок кабинеттен сыртка чыккандан кийин сот деле катардагы адам да. Адвокаттарды, юристтерди сабап кеткенин угуп, көрүп жатпайбызбы. Ушундайда коргоо керек. Азыр жаңы судьяларды шайлап жер-жерлерге жиберип жатышат, алардын үй-бүлөсү кайда болот деген маселени эч ким ойлонбойт. Ошондуктан сотторду коргоп, үй-бүлө маселесин чогуу комплексте чөчүү керек.