Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Бишкектеги үйдөн 18 миң сомдук уюлдук телефон уурдап кеткен адам кармалды

Turmush -  Бишкектеги турак үйгө кирип, 17 миң 800 сомдук уюлдук телефон уурдап кеткен эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 9-январда саат 05:00 чамасында белгисиз бирөө 32 жаштагы Б.К. жашаган үйгө уурулукка кирген. Биринчи май РИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, Ош облусунун 33 жаштагы тургуну С.М. шектүү катары кармалды. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катышканы текшерилип жатат.

Тергөө амалдары уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2319
Көп окулду
×