При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Бишкекте күзөт агенттиктин кызматкерлеринен куралдарын тартып алгандар кармалды

Turmush -  Бишкекте күзөт агенттиктин кызматкерлеринен куралдарын тартып алган эки эркек киши кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 10-январда шаардагы интернет-клубдардын биринен күзөт агенттигине чакыруу түшкөн. Аталган агенттиктин кызматкерлери интернет-клубга барганда ал жердеги топ балдар күзөтчүлөрдүн куралдарын тартып алышкан.

Патрулдук милиция Биринчи май РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иликтөө иш-чарасын жүргүзүп, шектүүлөрдөн «Сайга» үлгүсүндөгү эки даана курал алынган. Иликтөө иш-чарасы күзөт жана конвоирлөө департаментинин жанында болгон.

Бүгүн күзөт жана конвоирлөө департаментинин сот залында укук коргоочу Азимбек Аскаровдун иши каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1899
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу