При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 28-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Актер А.Мурадиллаев операцияга даярдануу үчүн Түркияга дарыланууга барат

Turmush -  Актер Азиз Мурадиллаев 15-январда Түркияга учуп кетет. Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова маалымдагандай, актер боорун алмаштыруу үчүн түркиялык ооруканалардын бирине алдын ала даярдоо курсуна барат.

3«Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев А.Мурадиллаевдин операциясы үчүн дагы 414 миң сом материалдык жардам көрсөттү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин актердун дарылануусуна өлкө башчынын социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүнгөн.

Мурадилаев С гепатитине кабылып, боор оорусунан жабыркап келет. Бул дартка операция өтө кымбат тургандыктан анын кесиптештери кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн. Каражатты топтоо иштерин А.Молдокматова колго алган.

Коомчулукта А.Мурадиллаев «Курманжан Датка» тарыхый көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1561
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×