При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Д.Төрөкуловдун эмгек жолу

Turmush -  Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ал парламентке «Бир Бол» фракциясынан Чолпон Жакупованын ордуна келди.

1
БШК маалымдагандай, Д.Төрөкуловго 6-январда мандат берилди. Ага төш белги менен күбөлүктү БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.

Д.Төрөкулов «Бир Бол» партиясынын тизмесинде №15 катарда жазылган. Ал 1981-жылы 18-августа Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай өкмөтүндө төрөлгөн.

Билими:

- 2004-2009-жылдары Баткен мамлекеттик университетинин аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультетин;

- 2009-2012-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2009-2012-жылдары Ош жана Баткен шаарларындагы бажы кызматында ар кандай кызматтарда иштеген;

- 2012-2015-жылдары Ош мэриясынын алдындагы Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3459
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×