При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 25-март

Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн мөөнөтү 1-ноябрга чейин узартылды

Turmush -  Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн мөөнөтү бул жылы 1-ноябрга чейин узартылды. Жыл сайын кампания 1-октябрга чейин жүргүзүлүп келген.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жайыт акы төлөнбөсө күн сайын кошумча туум эсептелинет.

Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин директору Урмат Мырзакматовдун айтымында, жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган каражаттын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес (салыкты кошкондо) бөлүгү жергиликтүү бюджетке берилет.

«Мурда жайыт комитеттери жергиликтүү бюджетке акчаны жергиликтүү бийликтин чечими менен беришчү. 2014-жылы республика боюнча 130 млн сом чогултулуп, жергиликтүү бюджетке 18 млн сом берилген. Жаңы жобо боюнча бул 43 млн сомду түзмөк. Өкмөттүн аныктоосу боюнча ар бир районго ченем коюлуп, жайыт комитеттери жер салыгын гана төлөп жатат», - деди У.Мырзакматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2554
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×