При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Ошто 25 жаштагы жигиттин унаасынан кишен, бычак жана тапанча табылды, - ИИМ

Turmush -  Бишкек жана Ош шаарларында мыйзамсыз курал көтөрүп жүргөндөр ИИМдин оперативдүү иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан оперативдүү иликтөө иш-чарасы жүрүп, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 25 жаштагы тургунунан мыйзамсыз алып жүргөн бир нече курал-жарак табылган. Анын «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаасынан «Дэу Тико» унаасынын документтери, кишен, бычак, автоунаанын үч даана ар кандай ачкычтары жана эч кандай уруксат документи жок ПМ үлгүсүндөгү травматикалык тапанча алынган.

Азыркы тапта 25 жаштагы жигит кармалып, андан табылган курал-жарактар кылмышка катыштыгын текшерүү үчүн Ош ШИИБге жиберилди.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 20 жаштагы А.Р. мыйзамсыз алып жүргөн МР-371 үлгүсүндөгү тапанча алынган. Бул курал аймактык милиция башкармалыгынын лицензиялык-уруксат берүү бөлүмүнө жиберилди. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүп жатат.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1617
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×