При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

Эл аралык олимпиадалык комитет кыргызстандык эки спортчуга 1,5 миң доллардан стипендия берет

Turmush -  Ушул жылдын 1-январынан тартып Эл аралык олимпиадалык комитет кыргызстандык 2 спортчуга ай сайын 1,5 миң доллар өлчөмүндө стипендия берет.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, стипендианттар — тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Кундуз Абдыкадырова.

«Эл аралык олимпиадалык комитет 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын алдындагы лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн аталган спортчуларга стипендия берет», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Эл аралык олимпиадалык комитет Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) жайкы Олимпиада оюндарынын алдында кыргызстандык 12 спортчунун ар бирине ай сайын 650 доллар өлчөмүндө стипендия төлөгөн. Кышкы спорт көп чыгымдарды талап кылгандыктан стипендиянын көлөмү жогорулаган.

Евгений Тимофеев 2014-жылы Сочи шаарында өткөн кышкы Олимпиада оюндарына катышкан.

23-кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин Кореянын Пхёнчхан шаарында өтөт.
1

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1711
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×