Бөлүмдөр
Жума, 24-февраль

При поддержке MegaCom

Шашылыш эскертүү: 6-7-январда унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Turmush -  Өлкө аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 6-7-январь күндөрү тоолуу райондордо, унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.

ӨКМ эскерткендей, Бишкек—Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдарында, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолундагы 65-90-145-150-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 65-99-чакырымдарында жана Нарын—Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси) кар көчкү жана кар күрткү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1356
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×