Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Кыргызстанда паспортторду тез арада даярдоо акысы убактылуу арзандады

Turmush -  2017-жылдын 4-январынан тарта Кыргызстандын жарандарынын паспортторун 2, 4, 8 күндүн ичинде даярдоо акысы убактылуу арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

КРнын жарандарынын 2004-жылы чыгарылган паспортторун (ID-карт) тез арада даярдоодогу баалар:

- 8 күн — 442 сом;
- 4 күн — 540 сом;
- 2 күн— 639 сом.

Ал эми, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттор үчүн:

- 8 күн — 884 сом;
- 4 күн— 982 сом;
- 2 күн — 1081 сом деп бааланууда. 

Мындай чечим «Инфоком» мамлекеттик ишканасындагы коррупцияны жоюу боюнча иш планды аткарууда Кыргызстандын Коргоо кеңеши тарабынан бекитилген. Ошондой эле, өкмөттүн 2015-жылы 10-декабрда «КРнын экономикасындагы дедолларизацияны жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому чыккан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2419
Көп окулду
×