При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-апрель

АКИ-TV: Бишкек шаарынын мэрине талапкерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшырышты

Turmush -  Бишкек шаарынын мэрине талапкерлер кечээ, 4-январда кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сынак тапшырышты.

Мэрликке 2 талапкер: мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов (көпчүлүк коалиция) жана Нурдин Абдылдаев («Өнүгүү-Прогресс») катталган.

Сынак алган комиссия бир добуштан эки талапкер тең кыргыз тилин билет деген жыйынтык чыгарды.

1

Комиссиянын курамы:

- Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медер Акимов;

- Бишкектеги №66 орто мектептин директору Нургалый Абдесов;

- профессор, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз-кытай факультетинин деканы Бектурсун Байсабаев;

- профессор, А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова;

- профессор, К.И.Скрябин атындагы КАУУнун проректору Светлана Батаканова;

- профессор Гүлжамал Жаманкулова;

- профессор, К.Карасаев атындагы БГУнун проректору Суусар Искендеров.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда өтөт. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу кечээ, 4-январда аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×