Turmush - Бишкектин Октябрь районунда жылуулук өткөрүүчү түтүктөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, куткаруучулар денени кечээ, 4-январда саат 16:29 чамасында 12-кичи райондун аймагындагы түтүктөн алып чыгышкан.
Учурда анын өздүгүн жана өлүмдүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.