Turmush — Ар улуттун эли тарыхый жана маданий мурасынын негизинде калыптанган каада-салттарга бай. Кыргыз эли да байыртадан сакталып келген каада-салт, үрп-адат жана ар кандай жөрөлгөлөрү менен сыймыктанат. Учурда айрым жөрөлгөлөр заманбап ыкмага ооп калды. Ошондой эле, Кыргызстандын аймактарында аларды аткаруудагы эрежелердин айырмачылыктарын байкоого болот.
Улуу курактагы мекендештерибиз өлкөнүн аймактарында колдонулуп келген жана учурда колдонулуп жаткан жөрөлгөлөр, андагы чыгымдар тууралуу айтып беришти.
Ысык-Көлдө кызга сеп берүү жөрөлгөсү жана анын чыгымы
Кыздын ата-энеси сеп берүүгө өзгөчө даярдык көрөт. Алгач 10 жууркан, 3 жер төшөк, 2 жаздыгын 30 миң сомдун тегерегинде, андан кийин сандыкты 3 миң сомдон 15 миң сомго чейинки баада тандап алышып, анын ичин идиш-аякка толтурушат. Бул буюмдар даяр болгондон кийин эмерек, сыналгы, муздаткыч, кир жуучу машина жана башка ушул өңдүү тиричилик буюмдарды сатып алышат. Бул үчүн 100 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат.
Сеп даяр болгон соң кудалар бир күндү белгилешип, кыздын ата-энеси өз туугандары менен барууга камданышат. Белгиленген күнү бир кой союлуп, эти бышырылып, кудаларга кешик катары даярдалат. Кешикке боорсок жана ар кандай таттуулар да кошулат. Бул үчүн 13-15 миң сом чыгымдалат.
Кызы турмушка чыккандан кийин ата-эне 150 миң сомдун тегерегинде акча сарптап, кызына сеп берет. Бирок, акыркы мезгилдерде учурдагы жашоо шартына ылайык кызды үйдөн узатып жатканда эле септи кошо берүү салтка айланып калды (толугу менен).
Токтогулдагы куда тосуу, сеп берүү жөрөлгөсү жана үйлөнүү тойдогу чыгымдар
Кудалар кыздын колун сураганда ачуу басардан тышкары 1 кой, суусундуктар менен бир бодо мал, акчалай 50 миң сом алып барышат. Эгер калың менен ачуу басарды бир бүтүрүү сүйлөшүлсө анда, 1 кой, суусундуктар жана 100 миң сом акча бергендер бар.
Үйлөнүү той кафеде белгиленсе көп учурда 400 орундуу тойканада өткөрүлөт. Мындай шартта кыздын туугандарына кафеден 50гө жакын орун берилет. 400 мейманга кызмат көрсөтүү үчүн 60 миң сомдун тегерегиндеги каражат төлөнөт. Ошондой эле, 400 адам үчүн 120 миң сомдук дасторкон даярдалып, 3 сый тамак берилет. Ал эми сый тамак үчүн көбүнчө 60 миң сомдук жылкы, кээде 40 миң сомдук уй союлат (толугу менен).
Нарын: Көз жаш менен коштолгон кыз узатуу жөрөлгөсү
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында Нурсултан Акылбеков менен Сезим Жолдошбекованын баш кошуу тоюна Turmush басылмасынын кабарчысы катышып, андагы кыз узатуу салтына күбө болгон.
Кыз узатуудагы сый-урмат жана жагымдуу каалоо-тилектер сүрөт жана видео аркылуу эстеликке калды.
Видео:
Ош облусундагы кыз узатуудагы жөрөлгөлөр: «кемпир өлдү», «9 табак» салттары
Көпчүлүк аймактарда кыз узатуу үчүн 3 күн той өткөрөт. Биринчи күнү элдин батасын алышат. Экинчи күнү бата той деп кудаларды, күйөө бала жана досторун сый тамакка чакырат. Бул жөрөлгөгө да өзгөрүү кирип, мурун кыздын ата-энеси үйдө эле сыйласа, эми кафе-ресторандарда өткөрүп башташты. Бата тойду кээ бир жерлерде кыз узатуу деп аташат. Мында күйөө бала достору менен келгенде, кыздын жеңелери нан менен бал кошулган сары май алып барып тосуп алышат.
Салтка да, ыры-жырымга да кирбеген жөрөлгөлөр мына ушул жерден башталат. Унаадан күйөө баланы достору түшүрбөй, кыздын жеңелеринен көрүндүк катары акча сурап, килем салууну талап кылгандар да бар. Күйөө жолдоштор жеңелерден көрүндүк үчүн 1000 сомдон 5000 сомго чейин акча алышат.
Үйгө кирээрде жеңелер келген коноктордун бут кийимдерин бекитип, акчасын алууга камынышат. Келген коноктор отуруп, жайгашкан соң жеңелер аластап акча топтойт. Андан соң кыздын сиңдилери «кулак чоюуга» киришет. Жездесинин кулагын чойдурбаган күйөө баланын достору акча сунушат.
Кыздын чоң энеси жана туугандарынан эң мыкты делген 9 себет конокторго сатыкка коюлат. «9 табак» деп кудаларга тогуз сый табактар толтурулуп берилген. Учурда себеттин ичине нан, шириндиктер, суусундуктар жана башкалар салынат. Бул күнү кудалар бири-бирине жаңы кийим (сарпай) кийгизип, келген коноктор куру кол кайтпайт. Ал эми той күнү үлпөт көйнөгүн кийген кызды алып кетүү үчүн келген күйөө жолдоштордон көрүндүктү жеңелер талап кылышат. Кээ бир жерлерде жаш жубайлар үйдөн чыгып келе жатканда улуу муундагы энелер эшиктин босогосуна жатып алат. Бул «кемпир өлдү» деп аталат. Жаткан кемпирди тирилтүү үчүн коноктор 500 сомдон 5 миң сомго чейин акча бериши керек (толугу менен).
Кара-Көл шаарында конок тосуудагы устукан бөлүштүрүү жөрөлгөсү
Эт тартууда коноктордун эң улуусуна жамбаш, андан кийинкисине куймулчак тартылат. Жиликтин эң улуусу кашка жилик деп аталып, мурда эркек кишиге баш менен кар жилик тартылган. Кудага жамбаш, кудагыйга куймулчак жилиги тартылат.
Сан жиликтер кол жиликтен өйдө туруп, конокторго улуулатып бөлүштүрүлөт. Сан жиликте жото, кашка, жамбаш жиликтери бар. Ал эми далы, күң жилик, кар жиликтер кол жиликтерине кирет. Кабырга жиликтер менен кошо тартылат.
Эгер кабырга кол жиликтер менен бирге тартылса, анын жолу улуу болуп калат. Анткени, анын баасы сан жиликтер менен барабар, кол жиликтен өйдө турат. Коноктор кетер алдында алардын улуусу дасторконго жана үй-бүлөгө бата берет (толугу менен).
Кара-Көлдө кыз узатуу тоюна жана сеп берүү жөрөлгөсүнө кеткен чыгымдар
Учурда Кара-Көл шаарында кыз узатуу тойлорунун 90%ы кафелерде өткөрүлүүдө. Кыз узатуу тоюнда «ачуу басар», кыздын калыңы биригип 50 миң сомдон баштап, 70-80 миң сом, орточо эсеп менен 100 миң сом, ал эми эң жогоркусу 150-200 миң сомго чейин берилет (толугу менен).
Ош облусундагы уул үйлөнтүү: Жуучу түшүү, кызды көчүрүү, сарпай кийгизүү жана калыңдын көлөмү
Заман талабына ылайык акырындык менен келин алуудагы каада-салттар дагы өзгөрүп келе жатат. Келин алуу салты жуучу жиберүү менен башталат. Кыз менен бала бири-бирин тааныгандан соң кыздын макулдугу менен бала ата-энесин кыздын үйүнө жуучулукка жиберген. Бул жөрөлгө тууралуу Алай районунун Будалык айылынын тургуну Апиза Калыкова аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.
Учурда Алайда кыздарга калың 70 миң сомдон 200 миң сомго чейин берилип жатат. Биздин убакта калың аз болчу, мени жолдошум 6 миң сом калың берип алган. Мал союшу деп аталган жөрөлгө үчүн 10 майда жандык (кой), бир чоң мал (жылкы,уй) берилет. Атайын кыздын себи үчүн көрпө кабыгына союш, себети менен кошо 2-3 жуп пахта берилет», - деди А.Калыкова.
Үйлөнүү үлпөттө эки тарап бири-биринин балдарына баштан аяк сарпай (кийим-кече) беришет. Баланын энеси, кыздын энесине сүт акысы деп ыраазычылыгын айтып, акча кыстарат. Үйлөнүү тойдун башталышы, жаштардын оюндары колуктунун атасынын үйүндө болот (толугу менен).
Нарында кызга берилүүчү калыңдын баасы канча?
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, учурда Нарын облусунун аймагында кыз узатуу тойлорунун 90%ы кафелерде өткөрүлсө, кыз алуу жана кыздын себин берүү салттары үйдө өткөрүлөт.
Нарын шаарында кыз узатуу тоюнда ачуу басар, кыздын калыңы болуп кыз алган тарап кыздын ата-энесине 50 миң сомдон баштап 100 миң сомго чейин, кээ бир учурларда 150-200 миң сомго чейин берери маалым болду.
Мындан тышкары, башаты деп аталган ырымга 1 баш жылкы кошулат. Кыздын себин алган соң күйөө бала тарап сүт акы деп кыздын ата-энесине 1 баш бодо мал берет. Кызды алып кетүүдө атайын сөйкө салуу салты жасалат (толугу менен).
Кыздын себине 10го чукул жер төшөк, 2 даана жаздык, 1 сандык, анын ичине кыздын кышкы жана жазгы кийимдери жана бут кийимдери салынат.
Ошондой эле, Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү каада-салттарын сактап калган.
Кара-Сууда түрк элинин кыз узатуу салты: Кыздарга 1000 долларга чейин калың төлөнүп, келин 20 жылга чейин кайнатасына ашыкча сүйлөбөйт
Түрк элинин кыз узатуу жана уул үйлөнтүү салты тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн Жаңы Маданият айылында жашаган түрк улутунун өкүлдөрү менен баарлашты.
Уулун үйлөнтүүнү чечкен ата-эне кыздын үйүнө жуучулукка барат. Салт боюнча кыздын ата-энеси дароо макулдугун билдирбейт. «Кызыбыз менен макулдашып көрөлү» деп узатып, арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин гана макул болгондугу тууралуу кабар беришет. Андан соң той күнүн белгилөө жана кызга сөйкө салуу үчүн баланын атасы туугандары менен биргеликте шириндиктерди алып, кыздын үйүнө барат. Ал үчүн 5-6 эркек киши гана баруусу шарт. Бул учурда келин алуучу тарап келинине бутунан башына чейин кийит жана гүл алып барат.
Кудалар кызга алтындан сөйкө, шакек, чынжыр тагып, энчилеп келишет. Кыздын ата-энесине калың катары 700-800 доллар, колунда барлары 1000 долларга чейин акча беришет. Мындан 5 жыл мурун калыңга бодо мал же кой берчүбүз, дешет жергиликтүүлөр (толугу менен).
Ош шаарында өзбек кызына үйлөнүп, той өткөргөн лөлү тектүү жигит 5 миң сом, 1 кой калың берди
2015-жылдын 30-июлунда Ош облусундагы Кара-Суу районунун лөлү тектүүлөр жашаган Жаңы-Маале айылында өзбек улутундагы кыз менен лөлү жигит үйлөнүү тоюн өткөрдү.
Үй ээси Бактияр Мирзаганов уулунун тоюн лөлү менен өзбек элинин салты боюнча өткөрүп жатканын айтты.
«Балам өзбек улутундагы кызды сүйүп, сүйлөшүп жүрүп баш кошуп жатат. Үрп-адатыбызды колдонуп, элден бата алуу максатында той берип жатабыз. Биз башка улуттар сыяктуу кызга көп өлчөмдө калың бербейбиз. Болгону 5 миң сом, бир кой калың бердим.
Ал эми келин тарап сеп, кийим-кечени өздөрүнүн шартына жараша берет. Бул тойго менден 80 миң сом чыгым кетти. Анын ичинен музыканттарга 4-5 миң сом бердим», - деди Б.Мирзаганов.
Лөлү тектүүлөрдүн айрымдары тойлоруна Тажикстан, Өзбекстандан да ырчыларды чакырып, той кечки саат 20:00-21:00гө чейин улантылат. (толугу менен).
Ош облусунда кыз узатуудагы апалар менен жеңелердин кошогу