Turmush — Дем алуу процессин көп тараптан оттун күйүшүнө окшотсо болот. Бирок оттун күйүшүнө салыштырмалуу дем алуу жайыраак жана төмөнүрөөк температураларда ишке ашкан бир химиялык процесс.
Клеткаларыңыз кандагы кычкылтекти колдонуп, азыктардагы көмүртекти «күйгүзөт» жана бул күйүүнүн натыйжасында денеңизге керектүү энергия келип чыгат. Ошондуктан ар бир дем алганыңыздан кийинки кубулуштарды миллиарддаган кичинекей оттун ичиңизде күйүшү деп сүрөттөө жаңылыштык болбойт.
Адамдын денесиндеги клеткалардын ар бири дайыма кычкылтекке муктаж. Мисалы, азыр көзүңүздүн торчо катмарындагы миллиондогон клетканын эч тынымсыз кычкылтек менен азыктанышынын натыйжасында бул жазууну окуп жатасыз. Ошол сыяктуу, денедеги бүт булчуңдар, ал булчуңдарды түзгөн клеткалар көмүртек кошулмаларын «күйгүзүп», б.а. аларды кычкылтек менен реакцияга киргизип энергия алышы зарыл.
Сиз ар бир дем алган сайын денеңизге 100 триллионго жакын аба молекуласы кирет. Анын болжол менен 21%ы, б.а. 21 триллиону кычкылтек молекуласы. Дем алуу системасы аркылуу денеңизге кирип, кан айланууга кошулган бул молекулалар, кан аркылуу дененин эң четтерине чейин жеткирилет. Жана ал жердеги көмүр кычкыл газы молекулалары менен орун алмашат. Биз жөн гана дем алып жатам деп ойлогонубузда, денебиздин тереңинде эч тынымсыз кычкылтек, көмүр кычкыл газы жана суу алмашуусу жүрүп жаткан болот.
Кычкылтек ташыгычтар
Дем алуунун негизги максаты – бул дене клеткаларындагы көмүр кычкыл газын сыртка чыгарып, ордуна кычкылтек алуу. Бул процесстер дене кыртыштарынан өтө алыс жерде, өпкөдө ишке ашат. Демек өпкөдөн денеге кирген кычкылтек кандайдыр бир жол менен кыртыштарга жеткирилип, кыртыштарда пайда болгон көмүр кычкыл газы болсо кайра өпкөгө жеткирилиши керек. Мындай ташуу иши кантип жасалат?
Кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын адам денесиндеги чарчаганды билбеген ташыгычтары – бул кандагы эритроциттер. Өпкөдө эритроциттер клеткалардан алып келген калдык затты, б.а. көмүр кычкыл газын альвеолдордун ичине чыгарып, альвеолдун ичиндеги кычкылтекти сорушат. Бул процесс атайын бир кабыкча аркылуу жүрөт. Ал кабыкчанын бир тарабын альвеолдун (исиркек) ичиндеги кычкылтектүү аба түзсө, экинчи тарапта туурасы ичинен бир гана эритроцит өтө ала турганчалык капилляр бутактар орун алган. Натыйжада кычкылтек молекуласы менен эритроциттер бир-бирине эч кыйынчылыксыз тие алышат.
Кычкылтек молекуласы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин аттуу бир молекула тарабынан клеткаларга жеткирилет. Гемоглобин молекуласы өзгөчө бир долбоордо жасалган. Өпкөдө кычкылтекке чиркешкен гемоглобин кан айлануу аркылуу дененин тереңин көздөй сапар тартат. Кычкылтекке муктаж кыртыштарга жеткенде бир керемет болот. Өзгөчө долбоордо жаратылган гемоглобин молекуласы чөйрөдөн химиялык таасирленип, кычкылтек менен болгон химиялык байланышы үзүлөт. Гемоглобин натыйжада жүгүн, б.а. кычкылтекти койо берет. Мына ошол кычкылтек молекуласы ал жердеги клеткаларга жашоо берет.
Гемоглобиндин иши муну менен бүтпөйт. Гемоглобин ал жерден алып кетүү керек болгон көмүр кычкыл газын өпкөлөргө жеткирүүдө да өтө маанилүү роль ойнойт. Бул кубулушту кыскача төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот:
Клетканын дем алышынан пайда болгон көмүр кычкыл газы клеткалардан кыртыш суюктугуна, кыртыш суюктугунан капиллярларга өтөт. Көмүр кычкыл газынын бир бөлүгү эритроциттерде гемоглобин менен биригип, карбаминогемоглобин абалында ташылат. Бир бөлүгү болсо карбоангидраз ферментинин таасири аркылуу суу менен биригип, карбон кислотасын пайда кылат. Андан соң карбон кислотасы бикарбонат менен суутек иондоруна бөлүнөт. Пайда болгон суутек иону гемоглобин тарабынан кармалат. Көмүр кычкыл газы мына ушундайча кыртыш капиллярларынан веналар аркылуу жүрөккө алынып келет. Жүрөктөн болсо өпкөгө жеткирилет. Өпкөлөрдө бир катар процесстерден соң көмүр кычкыл газы дем чыгаруу учурунда сыртка чыгарылат.
Гемоглобиндин түзүлүшүндө өзгөчө бир касиет бар. Гемоглобин кычкылтекти ташуу жөндөмүнөн тышкары, кычкылтекти керектүү учурда, керектүү жерге таштоо жөндөмүнө да ээ. Бул ийгиликтин сыры кычкылтек менен гемоглобиндин арасында курулган химиялык байланышта жашырылган. Гемоглобиндин бул касиетинин маанисин түшүнүү үчүн төмөнкүдөй анализ кылуу туура болот:
- Эгер гемоглобин менен кычкылтектин арасында курулган байланыш бир азга алсысыраак болгондо, гемоглобин кычкылтекке уланмак эмес жана кыртыштарга кычкылтек жеткириле алмак эмес. Бул жандыкты сөзсүз өлүмгө алып бармак.
- Тескерисинче гемоглобин менен кычкылтектин арасындагы байланыш бир аз күчтүүрөөк болгондо, анда гемоглобин менен кычкылтек жубу кыртыштарга жеткенде бир-биринен ажырай албай калмак. Анда клеткалар кайра эле кычкылтексиз калып, жандыктар бир канча мүнөттүн ичинде өлмөк.
Бул эки жагдай гемоглобиндин өзгөчө бир план, долбоор менен жасалгандыгынын ачык бир далили. Адамдын денесинде кычкылтекти ташуу үчүн кемчиликсиз бир система жаратылган. Бул системанын ичиндеги ар бир майда-барат Аллахтын илиминин чексиздигин жана чексиз кудуретин бизге далилдейт. Ой жүгүрткөндө гемоглобин менен кычкылтектин арасында курулган молекулярдык байланыштын күчүнүн чоңдугу жөнүндө эле чексиз ыктымалдык бар экенин оңой эле түшүнүүгө болот. Бирок ошол чексиз ыктымалдыктын ичинен мүмкүн болгон эң ылайыктуу байланыш гемоглобин менен кычкылтек молекуласынын арасында түзүлүүдө.
Байланыштын күчү аз да, ашыкча да эмес. Дал талап кылынган чоңдукта. Мунун кокустан келип чыгышы мүмкүн эмес. Бул ачык бир пландын, бир долбоордун натыйжасы.
Бул молекуланын өндүрүшүндө кандайдыр бир катачылыктын кетиши, дем алуу процессиндеги кандайдыр бир кемчилик, кандын насостолушунда кандайдыр бир маселенин жаралышы, кандын курамынын өзгөрүшү (бул үчүн бөйрөктө кичине эле көйгөй жаралышы жетиштүү болот) эң биринчиден өтө оор ооруларга, аягында болсо өлүмгө себеп болот. Демек бул улуу тартипти түзгөн бөлүктөрдүн эч биринин кокустуктар натыйжасында, өзүнөн-өзүн пайда болушу таптакыр мүмкүн эмес. Бары бир учурда, бир денеде пайда болушу шарт. Болгондо да, бул адамдын денесиндеги бир клеткадагы кычкылтек ташуу процессине эмес, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин триллиондогон клеткасында бир-бирден ишке ашкан процесстерге тиешелүү.
Бул кемчиликсиз долбоор кимдин чыгармасы? Гемоглобин кычкылтек ташып баштаган жер – өпкөлөр. Бирок мындай комплекстүү түзүлүштөгү молекуланын өндүрүшү болсо толугу менен жилик чучугунун көзөмөлүндө. Жилик чучугу клеткаларынын алардан өтө алыстагы бир органда болуп жаткан процесстерден кабардар болушу жана анын муктаждыгына карап иш кылууну чечиши мүмкүнбү? Албетте, бул акылга сыйбайт.
Дем алуу системасындагы ар бир детальда улуу жана теңдешсиз бир акылдын далилдери көрүнүүдө. Өтө комплекстүү жана ошончолук кемчиликсиз бул системаны эч качан кокустуктар менен келип чыккан дегенге болбойт. Мунун бир гана түшүндүрмөсү бар: жаралуу. Аллах адамдарды азыркы дене түзүлүштөрү менен жоктон жараткан.
Өпкө дем алып чыгаруу үчүн тышкы күчкө муктаж
Адам дем алып чыгарып жатканда денесинде болуп жаткандарды билбейт. Чуркаганда бат-баттан дем алып башташы, уктап жатканда жайлашы ал үчүн жөнөкөй эле окуялар болуп саналат. Бирок дем алып, чыгаруунун абалга жараша өзүн жөнгө салышы өзүнчө бир керемет.
Өпкө бир аба насосу сыяктуу өмүр бою эч тынымсыз дененин ичине аба алып, анан аны сыртка айдайт. Бирок өпкө бүт башка органдар сыяктуу иштөө үчүн бир тышкы энергияга, күчкө муктаж. Бул күч көкүрөктүн астындагы диафрагма менен кабырга сөөктөрүнүн араларында жайгашкан булчуңдардан камсыз кылынат. Дем алганыбызда кабырга сөөктөрү сыртты жана жогоруну көздөй кыймылдайт. Өпкөнүн астындагы диафрагма булчуңу төмөн көздөй басылат. Өпкө кекиртектеги абаны төмөн көздөй тартат. Дем чыгарганда кабырга сөөктөрү ичти көздөй кайра тартылат. Кабырганын астындагы диафрагма булчуңу жогору көздөй кыймылдайт. Өпкө кысылганда майда альвеолдордогу аба сыртка чыкканга мажбурланат. Мажбурланган аба кекиртектен жогору көздөй чыгат.
Сиздин денеңиздеги бул иш-аракеттерге эч бир салымыңыз болбойт. Буйрук да бере албайсыз, кыймылдашы үчүн булчуңдарыңызга салым да кошо албайсыз. Булардын эч бирине муктаждык жок. Себеби өпкөңүзгө мындай энергия колдоосунун кантип көрсөтүлөөрү улуу бир акыл тарабынан жөнгө салынган.
Көкүрөгүңүздүн ийилиши дем алып чыгарууну жеңилдетет
Көкүрөктүн дем алуу системасында өтө маанилүү орду бар. Көкүрөктүн эң белгилүү өзгөчөлүгү – бул ички органдарыбызды, өзгөчө жүрөк менен өпкөлөрдү коргоо. Көкүрөктүн ийкемдүү болушу болсо дем алып чыгарууну жеңилдетүүчү өтө маанилүү бир өзгөчөлүк.
Дем алганыңызда көкүрөгүңүз кеңеет. Сөөктөн жасалган бул соот таң калыштуу ийкемдүүлүк жөндөмүнө ээ. Кадимки шарттарда баш сөөгү сыяктуу өтө катуу жана коргогуч бир калканга окшогон бул долбоор таң калыштуу даражада ийкемдүү. Бирок бул жерде унутпаш керек болгон жагдай, ал ийкемдүүлүк да өтө так жөнгө салынган. Эгер көкүрөк азыркы абалынан бир азга азыраак ийкемдүү болгондо, өпкөлөр кеңейбей, адам эркин дем ала албай калмак. Бирок Аллах бул ийкемдүүлүктү ушунчалык ылайыктуу кылып жараткандыктан, ийкемдүүлүк аз да, көп да болбой, адам үчүн бир жакшылыкка айланган.
Өпкөдөгү амортизатор системасы
Тышкы факторлорго карата көкүрөктүн болушу, сырттан келе турган чаңдарга карата кекиртекте жайгашкан түкчөлөр, абанын температурасын жөнгө салган жана микробдор менен согушкан мурун былжыры, беттик чыңалуунун жоюлушу үчүн сурфактант затынын чыгарылышы жана дагы көптөгөн майда-чүйдөлөр...
Өпкөлөрдүн коопсуздугу үчүн денеде каралган системалар булар менен эле чектелбейт. Өпкөнүн сырткы бетинин башка органдар менен сүрүлүүсүнө бөгөт коюу үчүн дагы бир коргоо механизми бар.
Сырткы бети бир кабыкча катмары менен (плевра) капталган өпкө дем алып-чыгарып жатканда эч жери жабыркабайт. Ар бир өпкөнү өз-өзүнчө бир баштык сымал ороп турган плевра көкүрөк капталы менен диафрагманын ички бетин ороп турган башка бир кабыкчага тийип турат жана аралары жылмакай бир суюктук капталган. Натыйжада дем алып, чыгарууда эч качан өпкөнүн сырткы бети органдарга тийип сүрүлүүдөн улам жабыркабайт.
Мындан тышкары, өпкөнү каптаган кабыкча менен көкүрөк капталын орогон кабыкчанын арасындагы терс басым өпкөнүн көкүрөккө вакуум менен жабышышына себеп болот. Натыйжада өпкө абада асылып турат жана өз салмагы астында эзилип калбайт. Өпкөдөгү вакуумдуу абал кандайдыр бир себептен, мисалы жол кырсыгында, көкүрөккө кирип кеткен сүйрү бир нерсенин себебинен бузулса, өпкөлөр бир шар сымал кичирейип, адам көз жумат. Бул система өпкөдөгү кереметтүү добоордун дагы бир көрсөткүчү.
Автоматтык дем алуу көзөмөлү
Дем алуу процессинин жыштыгы менен тереңдиги шартка жараша өзгөрөт. Мисалы, чуркаган же тепкичтен чыккан адам отурган адамга салыштырмалуу көбүрөөк жана ылдамыраак дем алып чыгарат. Себеби кыймылдап жатканда дене клеткалары көбүрөөк күч, энергия сарпташат. Ошондуктан триллиондогон клетка кадимкиге караганда көбүрөөк кычкылтек талап кылат. Кычкылтек муктаждыгынын өсүшү менен бирге алар чыгарган ашыкча көмүр кычкыл газын да эртерээк денеден чыгаруу керек болот. Эгер көбөйгөн кычкылтек талабы канааттандырылбаса, бүт дене клеткалары мындан жабыр тартышат. Мээ, жүрөк сыяктуу кычкылтек жетишсиздигине эч чыдай албаган аймактардагы клеткалар болсо өтө кыска убакытта толук өлүп калышат.
Көбүрөөк кычкылтек берип, кадимкиден көбүрөөк көмүр кычкыл газын чыгаруунун жалгыз чарасы – бул дем алууну ылдамдатуу. Дем алууну ылдамдатуунун жалгыз жолу болсо – өпкөлөрдү ылдамыраак иштетүү. Мындайда атайын бир система ишке кирип, тезинен өпкөнүн иштешин ылдамдатышы зарыл болот. Дем алуу системасы ушундай күтүүсүз муктаждыктар учурунда ишке кирише турган кереметтүү системага да ээ.
Дем алып чыгаруу процесси жүлүн жана мээдеги борборлор тарабынан көзөмөлдөнөт. Диафрагма менен кабырга булчуңдарына барган нервдер алардын үзгүлтүксүз 4-5 секундада бир жыйрылышын камсыз кылат. Эгер нервдер үзүлсө, дем алып-чыгаруу да токтойт.
Дем алууга таасир берген дагы бир фактор болсо – бул кандагы CO2 көлөмү. Зат алмашуу ылдам жүргөн учурларда канда көмүр кычкыл газынын саны да көбөйөт.
Бул нерв системасындагы дем алуу борборуна таасир берет. Ал борборлор нервдер аркылуу диафрагма менен көкүрөктү стимулдап, дем алып чыгаруу ылдамдайт. Бат бат кычкылтек алынып, көмүр кычкыл газы чыгарылат.
Дем алуу муктаждыктан ашыкча жогорулап кеткенде мээ сөңгөгү ишке киришип, керектүү жөнгө салууну жасайт. Мээ сөңгөгүнөн тышкары өпкөлөрдүн сырткы бетинде жайгашкан жана басымга карата өтө сезгич сенсорлор өпкө ашыкча чоюлганда, мээ сөңгөгүнө дем алуу тереңдигин азайтуу үчүн керектүү буйруктарды жөнөтүшөт.
Көрүнүп тургандай, бул система бир-биринен бүт тараптан көз-каранды. Ошондуктан дем алуу борбору да, диафрагма жана башка мүчөлөр да бир учурда пайда болушу керек болгон бир бүтүндүн бөлүктөрү. Ушул себептен денеңизде дем алуу автоматтык түрдө көзөмөлдөнүшү үчүн бул системанын бүт мүчөлөрү толугу менен, чогуу болушу шарт. Б.а. баары бир учурда пайда болушу зарыл.
Эволюция теориясы боюнча, өпкөдөгү булардын баары башында жок эле жана бүт бул кемчиликсиз өзгөчөлүктөр убакыттын өтүшү менен кокустуктар натыйжасында пайда болгон. Бирок мындай пикирди кабыл алууга болбойт. Муну кабыл алуунун акылга да, илимге да туура келбеши анык. Себеби эң башта бир адам дем ала алышы үчүн өпкөдөгү өзгөчөлүктөрдүн баары бир учурда жана алгачкы кадамдан баштап бар болушу шарт.
Мисалы, кабырганын сөөктөрү башка дене сөөктөрүнөн айырмаланып ийкемдүү болбогон, альвеолдор пайда болбогон, альвеолдордун айланасында сурфактант заты жок же айланасында коргоочу кабыкчасы болбогон бир өпкө эч бир ишке жарабайт. Эволюциянын кокустук механизминин денедеги кандайдыр бир органды пайда кылышы, ага өзгөчөлүктөр тартуулашы эч качан мүмкүн эмес. Он миллиондогон жыл, жүз миллиондогон жыл, ал тургай, триллиондогон жыл күтүлсө да, бул чындык өзгөрбөйт.
Адам денесиндеги майда-чүйдөлөрдүн баары Аллахтын бар экендигинин далилдеринен. Андагы бир-биринен көз каранды системаны курган – жаратууда эч бир шериги жок Аллах. Аллах ар кандай жаратууну билүүчү жана кудурети күчтүү.
Харун Яхьянын «Адамдагы керемет» китебинен алынды
Которгон Жунус Ганиев
Котормонун овторунун грамматикасы жана стилистикасы сакталды