Turmush — Бүгүн, 12-апрель — Эл аралык космонавтика күнү.
1961-жылы 12-апрелде космос орбитасына алгачкы жолу советтик космонавт Юрий Гагарин учкан. Гагарин түшкөн «Восток» космос кемеси 12-апрель күнү саат 09:07де асманга көтөрүлгөн. Анда жер шарын бир айланып чыгып, 2-айланууда жерге — СССР аймагына конуу болжолдонгон.
Учуунун жүрүшүндө Гагарин радиорепортаж жүргүзүп, Жерден кабар алып турган жана өзүнүн таасирленүүсүн магнитофонго жазган, ошондой эле кеменин борттук системасынын ишин көзөмөлдөп, кемени кол менен башкарууну сынап көргөн.
«Восток» кемесинин Жерден минималдуу алыстоосу 181 чакырымды, ал эми максималдуу - 327 чакырымды түзгөн. Учуунун масималдуу ылдамдыгы секундасына 7843 метр, башкача айтканда, саатына 28,2 миң чакырым.
Адамдын биринчи жолу космос мейкиндигинде учуу убактысы 108 мүнөттү түзгөн.
1961-жылдын жазына чейин суборбиталык учуулар программасы менен 20дан ашык учууга кое берүү болгон. Космоско алгачкы жолу итти учурушкан. Советтер союзундагы биринчи ит-космонавт короо кайтаргыч Лайка болгон, эң белгилүүлөр - Белка менен Стрелка. Алардын космос кемеси орбитада бир сутка болушуп, бул убакыт ичинде Жерди 17 айлануу болгон.
Кийин СССРдин Жогорку советинин Президиумунун Космонавтика күнүн белгилөө жөнүндө жарлыгына 1962-жылы кол коюлган.
2011-жылдын 7-апрелинде БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын жыйынында 12-апрелди Адамдын космоско учуусунун эл аралык күнү деп расмий жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алынган.
Ал эми Кыргызстандан учкан алгачкы космонавт Салижан Шакирович Шарипов болгон.
Ал ийгиликтүү космостук учууларды жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бир катар өкмөттүк сыйлыктарын алган. Үй-бүлөлүү, бир уулу жана кызы бар. Футбол менен машыгат, китеп окуганды жактырат.
Бүгүн, 12-апрелде С.Шарипов Өзгөндөгү өзү окуган мектептин окуучулары менен Россиядан түз байланышка чыгып, пикир алышты.
С.Шарипов Өзгөндөгү мектебине космостон телефон чалганын мектеп директору айтып берген. Бул шилтемеге кириңиз: Өзгөндөгү мектепке космостон телефон чалуу болгон, - мектеп директору менен маек